БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ала-Букада Балтагулов айылынын мурдагы башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурдагы жетекчи айыл тургундарынан 100 миңден 300 миң сомго чейинки акча каражатын алган.
"Шектүү турак жай куруу үчүн 136 жасалма буйрук чыгарган. Айылдагыларга келтирилген зыяндын суммасы 10 миллион сомду түзгөн. Мындан тышкары, ал бизнестеги 20 пайыз үлүшү үчүн айылдык кеңештин депутаты С.Ж. менен келишип, ресторан куруу үчүн бир гектар жер тилкесин мыйзамсыз берген", — деп айтылат маалыматта.
Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.