БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Былтыр кургак учук менен 3 994 кыргызстандык ооруп, 194 адам көз жумган. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Кургак учукка каршы күрөш — жетишкендиктер жана чакырыктар" аттуу жыйынга катышкан.
"2024-жылы 3 994 кургак учук катталып, 194 бейтап каза болгон. 2023-жылы 4 183 киши ооруп, 183ү көз жумган. Оорунун негизги себептери: абактар, социалдык-экономикалык шарттын начардыгы, миграция, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонуу", — деген Кадыров.
Саламаттык сактоо министрлиги илдетти аныктоо боюнча тестирлөөдөн калктын 92 пайызы өтүп, оорулуулар эрте аныкталып жатканын жана рецидивдердин саны азайганын билдирген. Ошондой эле балдар үчүн заң анализине негизделген жаңы диагностикалык ыкма киргизилип, кургак учукка каршы дары-дармекке муктаждык жок экени айтылды.
Бирок каржылоонун жетишсиздиги, тышкы донорлордон көз карандылык, фтизиатрия кызматында кадрлардын тез алмашуусу жана инфраструктуранын эскириши сыяктуу көйгөйлөр сакталып калууда.
"Мамлекетке 10 көчмө рентген-аппарат алып келинди, алар жасалма интеллектинин негизинде иштейт. Бул жабдыктар оорунун тобокел тобуна кирген адамдарды скринингден өткөрүүгө чоң жардам берүүдө", — деди Кадыров.