БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте Жибек Жолу проспектинин Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүн оңдоо иштери башталды.
Кечээ ал жерде ири жол тыгыны жаралган. Азыр автоунаалар түштүк тараптан өткөрүлүүдө, оңдоо иштери болсо түндүк жагында жасалууда.
3,85 чакырымга созулган жолду реконструкциялоо бир жылга созулары айтылды. Аны "ДорСтрой Групп" компаниясы жасап жатат.
Курулуш иштерин 2026-жылдын 7-мартына чейин бүткөрүү пландалууда.