Айыл чарба министрлиги жакынкы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизди

Жайытта чабан жылкылар менен. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрликтин тиешелүү буйругу былтыр 23-июлда чыккан.
"Жергиликтүү бийлик жакынкы жайыттарды жетиштүү көзөмөлдөбөй, ал эми жайыт пайдалануучулар ага кайдыгер мамиле жасаган. Натыйжада 139 миң гектар жакынкы жайыт деградацияга учураган. Жайытты жакшыртуу максатында 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарда мал жаюуга чектөө киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик малчыларга алыскы жайыттарды пайдаланууну, жергиликтүү бийликке жайыт башкаруу планын бекиткенде бул буйрукту эске алууну сунуштаган.
В Кыргызстане вывели новую породу овец Ала-Тоо
Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө