БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт.
Буга 90-жылдардан кийин айдоочулук күбөлүктөр сатылып, көптөр эрежени билбей автоунаа башкарып, алардын айынан жол кырсыктары көбөйгөнү себеп болгону айтылган.
"2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миң сомдон сатылып келгени маалым. Азыр бул көрүнүш токтоп, баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады. Ошондуктан президент 1-сентябрга чейин ИИМ менен "Унаа" мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди", — деген ал.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1000 сом, үчүнчүсүндө 2000 сом, ал эми төртүнчү жолкусунда 4000 сом төлөй турганы айтылды.
"Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы. 1-сентябрга чейин беш ай бар. Жол эрежелерин тиешелүү деңгээлде билбегендер, жаттагыла. Айдоочулук күбөлүгүңөр "Унаа" мекемесине жөнөтүлсө нааразы болбоңуздар", — деди мамлекет башчынын маалымат катчысы.
Алагөзов процедуранын баары видео менен коштолорун кошумчалаган.