БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын жана андан каза болгондордун саны азаюуда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, мындай тенденция соңку 15-20 жылдан бери келе жатат.
"Өлкөдө илдеттин күчөгөн маалы 2001-жылга туш келген. Анда кургак учук менен ооругандардын саны 100 миң кишиге 168 учур катталган. Каза болгондордун саны да ошол жылы көп болуп, 100 миң кишиге 27 өлүм туура келген", — деди Кадыров.
Ал былтыркы статистика боюнча 100 миң адамга 56,3 учур туура келсе, өлгөндөрдүн саны 100 миңге 2,6 учурга чейин азайганын кошумчалады.