2024-жылдын экинчи кварталында Кыргыз фондулук биржасы ЕАЭБ өлкөлөрүндө лидерликти багындырды. Анткени соода көлөмү 5 эсеге өскөн. Кыргыз фондулук биржасы түзүлгөнүнө 30 жылдан ашса да анын иштөө темпи солгун болуп келген. Биржа жетекчилиги мунун бир нече себептери бар экенин айтат. Ал ЕАЭБ алкагында түзүлүп жаткан фондулук биржалар үчүн бирдиктүү эрежелер Кыргызстандын да бул тармагы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө өбөлгө болоруна адистер ишенип турушат. Анткени сатып алуучулардын саны миңдеп өсүп, брокерлер үчүн аймак кеңейсе, баалуу кагаз алууну каалаган сатып алуучулар үчүн да тандоо көбөйөт.
Биз бүгүнкү программабызда Кыргыз фондулук биржасынын келечегине сереп салып көрдүк.