Аман Эсенбеков ретро кыргыз ырларын аткарып калың журттун көңүлүнөн түнөк таап жаткан учуру. Ал бир нече кесиптин ээси. Бир эле учурда ырчы, модель, сүрөтчүлүктү аркалайт. Өзгөө үнү, өзгөчө кийинүү стили менен айырмаланган Амандын күйөрмандары күн санап көбөйүп жатат. Кыргызстанда төрөлүп, Түркияда чоңоюп кайра мекенине кайтып келген жигит кыргыз музыка дүйнөсүн багынтуу үчүн күч үрөп жаткан учур.
Биз ырчынын учурдагы чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу маектештик.