Учурда элге таза суу жеткирүү иштери республиканын жети аймагында жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2014 айылдын796сынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 25 шаарда долбоорлор ишке ашырылууда. Анда тазасуу жана саркынды сууларды тазалоо системалары багыттарына басым жасалган. Ал эми Азия өнүктүрүү банкы тарабынан саркынды сууларды тазалоо системалары Ысык-Көлдүнүч шаарында курулуп жатат. Балыкчыда болсо курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.
Калган аймактардагы калк жаңы долбоор менен камсыздаларын Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов айтып берди.