Ветеринария тармагындагы мыйзам бузууларга каршы күрөшүү — айыптын көлөмүн көбөйтүү жардам береби?

Sputnik
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыптын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. ЖКнын агрардык саясат, сууресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети тарабынан аталган мыйзам долбоору каралып, жактырылган. Долбоордун негизги максаты –ветеринария тармагындагы мыйзам бузууларды алдын алуу жана жоюу үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу аркылуу тартипти камсыздоо болуп саналат.
Былтыр республикабоюнча пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө 630 көрсөтмө берилип, 2 миллион 800 миңдей айып пул салынганын Ветеринардык кызматтын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынынулук инспектору Азамат Кулов маалымдады.