Азыркы учурда өлкөдө сейрек жапайы келгин куштардын 400дөн ашык түрү жашайт. Анын ичинен 57 Кызыл китепке кирген. Кыргызстанга келгин куштардын жаңы түрлөрү кыштоо үчүн келип калышат. Буга чейин Ысык-Көлдө экзотикалык фламинго да кыштаган. Канаттуулардын миграциясы, келгин куштар Кыргызстанга кайдан келишерин, алардын түрлөрү тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Сейитказы Сагынбаев айтып берди.