БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте желекке таштанды ороп таштап койгондорго 10 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ленин РИИБи маалымдады.
Окуя Ак-Ордо конушунда болгон. Бул боюнча райондук милицияга 42 жаштагы И.Р. аттуу адам жеткирилген. Териштирүү учурунда анын психикалык жактан ооругандыгына байланыштуу медициналык мекемеде каттоодо тургандыгы белгилүү болгон.
Атасы ал кишинин оорусун тастыктаган документтерин алып келип көрсөткөн. Ошондой эле уулу желектин маанисин түшүнбөй турганын билдирип, элден кечирим сураган.
“Балам 2-топтогу майып, бакты кыркып жыйып койсом, ал аны желекке салып таштандыга чыгарып салыптыр. Анын желек жөнүндө түшүнүгү жок. Мен баламды карайм, мени кечирип коюңуздар”, – деген ал.
Ленин РИИБи И.Р. мыйзамдуу өкүлүнө (атасына) 10 000 сом айып салынганын билдирди.
Милиция калкты мамлекеттик символдорго сый мамиле жасоого чакырып, мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.