Гала-концерт Опера жана балет театрында өттү. Анда сынактын лауреаттары Урмат Тентемишев жетектеген Бишкектин чоң симфониялык оркестри, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы солисттери менен бирге өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынакка республиканын музыкалык мектептеринен жана колледждеринен 7 жаштан 19 жашка чейинки 200гө жакын студент катышты. Жаш музыканттар кыргыз, орус жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышты.
Уюштуруучулар Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык колледжи болду.
Тема боюнча: