БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкектин Маевка айылында заманбап мал базар жана касапкана салынып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, "Алтын казык" комплексинде бодо мал, майда жандык сатылып, санитардык талаптар менен союлат. Жалпы аянты 3,7 гектарды ээлеп, 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилери белгиленди. Учурда курулуш иштери дээрлик 40 пайызга аткарылган.
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, комплекс иштей баштаары менен Бишкектин ичиндеги санитардык нормаларга шайкеш келбеген мал базарлар, касапканалар жабыларын белгилеген.
"Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек мурдагыдан да чоңоюп, 1,5 миллионго чукул калкты камтып турат. Мындай шартта биз шаарды сапаттуу эт азыктары менен камсыз кылган, ошол эле маалда эл аралык санитардык-ветеринардык талаптарга жооп берген заманбап мал базарга, касапканага муктаждыкты чечип жатабыз. Бул комплексти ата мекендик инвесторлор, өзүбүздүн ишкерлер куруп жатат. Биз өкмөттүн деңгээлинде жардамдашып, ошол эле маалда курулуштун талаптарын көзөмөлдөп, тыгыз кызматташып жатабыз", — деген ал.