БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 25-мартта Бишкектин айрым конуштары менен көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ичүүчү суу саат 9:00дөн 24:00гө чейин жок болот.
Суу өчө турган көчөлөр:
Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусунун жээги, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия көчөсү, Чоң Чүй каналынын жээги, Саадаев көчөсү.
Суу өчө турган конуштар:
Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштары.
Мэрия бул күнү "Северный" суу топтомосунда оңдоо иштери жүрөрүн белгилеп, элди сууну алдын ала камдап алууга чакырды.