2025-жылдын биринчи айында кыргыз алтынынын экспорту 3 эсеге кыскарды

Алтын куйма
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 2025-жылдын январь айында кыргыз алтынынын экспорту 3 эсеге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Ага ылайык, быйыл январда Кыргызстан 372,6 килограмм баалуу металл сатса, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 3 эсе көп, тагыраагы, 1 тонна 143,5 килограмм экспорттогон.
Бирок дүйнөдө алтындын баасы өскөндүктөн экспорттон түшкөн акча өтө азайган эмес. Былтыркы бир айда алтын сатуудан 74,9 миллион доллар түшсө, быйылкыныкы 31,3 миллион долларды түздү.
Кыргызстан жана ЕАЭБ желектери. Архив
Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат