Кол чатыр даярдаңыз, жаан-чачындуу болот. Бир аптага карата аба ырайы

Девушка с зонтом переходит дорогу во время дождя в Бишкеке. Архивное фото
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 23-29-мартта өлкө боюнча күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Эртең жаан-чачын болбойт. Ал эми жекшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, аптанын соңуна чейин жаан-чачын, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. 29-мартта жамгыр басылып, күн ачылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй жана Талас

23-мартта жаан-чачын болбойт. Ошону менен 29-мартка чейин жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Үч облуста 23-мартта жаан-чачын болбойт. Ишембиге чейин көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 29-мартта өрөөндөрдө күн ачык турат.

Ысык-Көл жана Нарын

Бул облустарда деле жекшембиде күн ачык болот. Күндүн көзү дүйшөмбүдө бузулуп, 28-мартта жамгыр токтойт. Ал эми ишембиде кайрадан күн ачылып, жаан-чачын болбойт.
Бишкектеги Ынтымак паркында кишилер эс алууда. Архив
32 градуска чейин ысыйт! Апрель айына карата аба ырайынын божомолу