24-мартка карата аба ырайы

Бишкектеги жаандуу аба ырайы
24-мартта түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 12...17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 16…21, Ысык-Көл жергесинде 12…17, Нарын облусунда 11…16 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 15…17, Ош шаарында 19…21 градуска жетет.
Девушка с зонтом переходит дорогу во время дождя в Бишкеке. Архивное фото
Кол чатыр даярдаңыз, жаан-чачындуу болот. Бир аптага карата аба ырайы