БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Киев Украинада шайлоо өткөрүүгө макул болгонун АКШ президентинин атайын өкүлү билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Алар макул болушту. Украинада шайлоо өтөт", — деп билдирген Стивен Уиткофф америкалык журналист Такер Карлсонго маек берип жатканда.
Владимир Зеленскийдин мөөнөтү былтыр 20-майда аяктаган. 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо аскердик абал жана жалпы мобилизациядан улам жылдырылган. Зеленский "азыр шайлоо өткөрчү маал эмес" экенин айткан болчу.
Россия президенти Владимир Путин алдын ала берилген баа боюнча Украинада ушу тапта жападан жалгыз мыйзамдуу бийлик парламент жана Жогорку Рада эсептелерин билдирген.