БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эл аралык Олимпиада комитетинин жаңы президенти Кирсти Ковентри согуштардан улам өлкөлөрдүн Олимп оюндарына катышуусун чектеп салууга каршы. Бул туурасында ал Sky News телеканалына билдирген.
Эске салсак, зимбабвелик Кирсти Ковентри Эл аралык Олимпиада комитетин жетектеген алгачкы аял болду.
"Спортчуларды канткенде коргоп, колдой алабыз? Бардык атлеттердин Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн кантип кепилдей алабыз? Биздин жоопкерчилик – Олимпиада учурунда спортчулардын коопсуздугун камсыздоо. Аны менен катар эле аларды коргоп, колдоо. Бул өтө татаал. Бирок мен биздин кыймыл үчүн эң жакшысы – оюнга бардык спортчулардын катышуусун кепилдөө деп ишенем," – деген Ковентри.
Ал Россия боюнча маселени карап чыгууга убада берген.
"Россиянын Миландагы Кышкы оюндарга кайтып келишин жумушчу топ менен талкуулайбыз", — деген ал.
Атайын операция башталгандан тарта россиялык атлеттер эл аралык көптөгөн турнирлерден четтетилип келет. Эл аралык Олимпиада комитетинин сунуштамаларына ылайык, Россия аймагында эл аралык мелдештер өткөрүлбөшү керек. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага россиялыктарга кээ бир шарттарды сактоо менен гана нейтралдуу макамда катышууга уруксат берилген.
Ковентри кызматына июндун аягында киришет.