Уй менен жылкынын терисин экспорттоодо бажы алымы кымбаттады

Булгаары заводу. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Уй менен жылкынын терисин экспорттоодо бажы алымы өзгөрдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев кол койгон.
Аталган чечим ашыкча терилерди натыйжалуу пайдалануу, соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана экологиялык тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.
Министрлер кабинети 2023-жылы уй жана жылкынын терисине 20 пайыз өлчөмүндө, бирок 1000 килограмм үчүн кеминде 200 евро экспорттук бажы алымын киргизген. Бирок экспортчулар төлөмдү арзандатуу өтүнүчү менен кайрылган. Мындан улам, былтыр 10 пайызга чейин азайтылган (кеминде 100 евро). Өлчөм дагы төмөндөтүлүп, 31-декабрга чейин теринин тоннасына 50 евродон кем эмес бажы алымы белгиленди. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ставка 100 евродон кем болбойт.
Жаңы эрежеге ылайык, 31-декабрга чейин теринин тоннасына 50 евродон кем эмес бажы алымы белгиленди. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ставка 100 евродон кем болбойт.
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев. Архив
Бакыт Төрөбаев кайсы аймакта койдун жүнү жерде жатса аким иштен алынарын айтты