Радио

Быйыл Ысык-Көлгө 60 миңден ашык канаттуу кыштоого келди

Научный сотрудник Зоологического музея имени Сапаша Касиева Национальной академии наук, орнитолог Сейитказы Сагынбаев
Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанга кыштоо үчүн куштар көбүнесе Казакстандан, Сибирден келерин айтты.
Sputnik
Быйыл Ысык-Көлгө 60 миңден ашык канаттуу кыштоого келди. Бул тууралуу Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көлгө кыштаганы келген канаттуулардын дээрлик баары кайра учуп кетет.

"Канаттуулардын мезгилдик миграциясы табигый көрүнүш. Быйыл Көлгө 60 миңден ашык куш кыштоого келди. Эң көп: өрдөк, каз, чулдук, ак куу, кашкалдакты кезиктирүүгө болот. Бирок быйыл биринчи жолу чөл каргасын (пустынная ворона), мал кытанын (египетская цапля) кезиктирдик. Булар кокусунан келип, аргасыз кыштап калган өңдүү. Учурда жаңы куштардын келиши тууралуу илимий материал даярдалып жатат. Мал кытаны малдын жанынан чыкпай жүргөндүгү үчүн ушундай аталыш бердик. Куштар көбүнесе Казакстан, Сибирден келет. Бирок алардын дээрлик баары кайра учуп кетет. Анткени суулуу, саздак жерлердин аянты аз", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал куш санагы жыл ичинде үч жолу болорун, канаттууларды шакектөө ишине көңүл бурулушу керектигин жана экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.