БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочу токтотулганда анын жүргүнчүсү тартип сакчыларга сөгүнүп, милициянын старшинасына кол көтөргөн. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Окуя кечээ күүгүм талаш Суванбердиев жана Беларусь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук колдонуу" беренеси менен иш козголду. Учурда зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгына ылайык, мыйзам чегинде юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми айдоочуга жолдо жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынган.