"Ынтымак" сейил багындагы Нооруз, жарышкан шаардыктар Сүрөт

Мероприятие в парке Ынтымак в Бишкеке в честь Нооруза
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында Нооруз шаңдуу белгиленгенин, аны уюштуруучулардын бири болгон "Евразия" уюмунан билдиришти.
Иш-чаранын башталышында Умай эне арча түтөтүп, кыргызстандыктарга мол түшүм жана тынчтык каалады.
Октябрь акимчилигинин башчысы Жаныбек Орозалиев өзүнүн куттуктоосунда Нооруз жаратылыштын ойгонушун, жылуулуктун жана молчулуктун келишин туюндурарын белгилеп, иш-чаранын уюштурууга көмөк көрсөткөн "Евразия" уюмуна ыраазычылык билдирди.
Майрам жакшы маанайда өтүп, элге ынтымак, каада-салт жана баалуулуктарды сактоонун зарылдыгын эске салды.
Шаар тургундары жана коноктор молчулуктун символу болгон сүмөлөктөн даам татып, эстрада жылдыздары концерт тартуулашты.
Мындан тышкары, улуттук спорттук мелдештер болуп, анда аркан тартыш, бел кур күрөшү, кап менен секирүү жана таш ыргытуу сыяктуу сынактар уюштурулду.
Россияда өтүп жаткан Кино лабораториясы форуму
Кыргызстандык жаш кинематографисттер Россиядагы билим берүү форумуна катышууда