Өкмөт санарип экономикага 154,3 млн. сомдон ашык каражат бөлөт

 Коллегия Администрации президента
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өлкөдө санарип экономикага 154,3 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Акча 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууну аягына чыгарууга жумшалмакчы.
Документке ылайык, Финансы министрлигине бюджеттик иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыздоо тапшырылды. Ошондой эле мамлекеттик органдар бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдаланууга, автоматташтырылган системаларды баланска алууга жана аткарылган иштер боюнча ай сайын Санариптик өнүктүрүү министрлигине отчет берүүгө милдеттендирилди.
Тескеменин аткарылышын президенттин администрациясы көзөмөлдөй турганын айтышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев
Жарым жыл ичинде мамлекеттик башкарууну кескин реформалоо пландалууда