23-мартка карата аба ырайы

Өрүктүн гүлдөшү. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 20…25, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 24…29, Ысык-Көл жеринде 13…18, Нарын чөлкөмүндө 15…20 градус болот.
Термометр Бишкекте 22…24, Ош шаарында 27…29 градусту көрсөтөт.
Сел учурунда көчөдө жүргөн ит. Архив
Нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ эскертүү таратты