БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү буга чейин россиялык газды Европага Украина аркылуу жеткирип турган "Суджа" газ өлчөөчү станциясын жардырып салды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин атайын өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Суджа" газ өлчөөчү станциясынын жардырылышы боюнча теракт беренеси менен кылмыш иши козголду", — деп билдирди Петренко.
Кремль Украинанын энергетикалык объектилер боюнча 30 күндүк ок атышпоонун шартын бузганын, Киев режиминин жетекчилерине ишенүүгө болбой турганын айтты. РФ Коргоо министрлиги муну Трамптын тынчтык демилгесин бузууга багытталган чагым деп атады.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык аскерлер азырынча украиналык энергоинфраструктурага ок атпай карманып турганын, Киев макулдашуунун шартын бузса дагы Путиндин буйругу күчүндө экенин билдирди.
РФ президенти Владимир Путин 18-мартта Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну көзөмөлдөө маанилүү экенин айтып, аскердик багытта бир катар тапшырмаларды берген.
Кийинчерээк Владимир Зеленский Украина энергетикалык инфраструктурага чабуулдарды токтотуу сунушун колдой турганын билдирген. Эртеси Россиянын Коргоо министрлиги Киев режими Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн бир нече сааттан кийин Кубандагы мунай кампасына пилотсуз учактар менен кол салганын айткан.