Чейрек кылым Россиянын тышкы саясатын жөндөп келет. Сергей Лавров 75 жашка чыкты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Sputnik
Бүгүн Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 75 жашка чыкты. Дүйнөлүк саясатта орду чоң дипломат өмүрүн эл аралык мамилелерге арнаган. Министрлик кызматты 20 жылдан ашуун убакыттан бери аркалап келет. Бул убакыт аралыгында кыраакылыгы, өткүрлүгү менен Лавров чындап россиялык дипломатиянын жүзүн чагылдырган адамга айланды.
Министр тууралуу учкай маалымат:
Лавров 1950-жылы 21-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Грузин жана армян каны бар экенин, түбү Тбилисиден экенин айткан. Энеси СССРдин Тышкы соода министрлигинде иштеген;
1972-жылы МГИМОну аяктайт. Москва инженердик-физикалык институтунда окууну кааласа да МГИМОго апасы Карелия Борисовнанын кеңеши менен өткөн;
1972-жылдан 1976-жылга чейин СССРдин Шри-Ланкадагы элчилигинде иштеп, эмгек жолун баштаган;
1981-жылдан 1988-жылга чейин Лавров СССРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кызматта болгон;
Россиянын тышкы иштер министри кызматын 2004-жылдан бери аркалап келет;
"Суверенитетибиз менен соодалашпай турганыбыз айрымдарга жакпайт, бирок башкача болушу мүмкүн эмес". Бул — Лавровдун элге тарап кеткен сөздөрүнүн бири.
Тышкы саясатта сөздө болобу, иште болобу, дайым өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп келет.