Орбан: Европа лидерлери Украинанын жеңилгенине ынанууда

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Европа биримдигинин саммитинде европалык лидерлердин жүзүнөн Украинанын жаңжалда жеңилгенин сезип турушканын байкаганын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен ар биринин көзүнөн Украина согушта жеңилгенин көрдүм. Андыктан жаңжалга аралашуу (ЕБ үчүн) туура эмес чечим болгон. Венгриялыктар ырас кылган", — деген Орбан.
Ал Украинанын Евробиримдикке кабыл алынышы боюнча кырдаалга "анча жакшы эмес, бирок жакшырууда" деп баа берген. Орбандын айтымында, убакыттын өтүшү менен бүтүндөй коомчулук Киевдин ЕБге кошулуусу европалык экономиканын кыйрашына алып келерин түшүнөт.
Буга чейин Орбан Брюссель Украинанын 2030-жылга чейин Евробиримдикке мүчө болушун каалай турганын, чечүүчү сөз Венгрияда экенин, бирок өлкөнүн уюмга кириши Венгриянын экономикасын талкалай турганын билдирген. Анын айтымында, Евробиримдик Украинага жардам бергиси келбейт, аны колониялаштырууну көздөп, Киевди жаңжалды улантууга мажбурлайт.
Евробиримдикитин Брюсселдеги имараты. Архив
Орбан Евробиримдикти Украина боюнча Россия менен ачык сүйлөшүүгө чакырды