Нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ эскертүү таратты

Сел учурунда көчөдө жүргөн ит. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жуманын башында, 24-25-мартта, бир катар аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Аптанын башында аба ырайы бузулуп, жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. Мындан улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Министрлик арыктарды, суу өткөн түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоону сунуштады.
Катуу жаан учурунда бара жаткан адам. Архив
Күндүн көзү бузулуп, суук түшөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты