Президент быйыл Кыргызстанда 128 ишкана ишке кирерин айтты

Текстиль фабрикасы. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер, Чүйдөгү жаңы логистикалык борбор, республика боюнча курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, Бишкектеги заманбап автобекет менен жаңы "Ош" базары кирет.
"Ошентип быйыл жалпы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз. Урматтуу мекендештер, жогоруда мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Ноорузду быйыл Ошто тосту.
Монорельс. Архив
Кытайлык компания менен Бишкекте монорельс куруу талкууланды