Кыргызстандын футбол командасы Өзбекстанга 1:0 эсеби менен жеңилди

Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол командасы Өзбекстанга 1:0 эсеби менен жеңилди.
Оюн Ташкент шаарында өттү.
Мелдештин биринчи бөлүгүндө каршылаштар бир гол киргизген. Экинчи бөлүктө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Беттеште дарбазачы Эржан Токотаев дарбазаны мыкты деңгээлде коргой алды.
Футболдук беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында болду. Эми Кыргызстан 25-мартта Бишкекте Катардын футболчулары менен беттешет.
"Абдыш-Ата" футболдук клубу Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды