Түптүү маданияты бар эл денесин жаап жүргөн. Кыргыз таануучунун маеги

Кыргызда кийим денени ысык-сууктан коргоо менен катар эле аны суук көз, суук сөз, назардан коргоо милдетин дагы аткарган. Бул тууралуу кыргыз таануучу Шаакан Токтогул маек учурунда айтып берди.
Sputnik
Ал назар тууралуу да кеп салып, "назар өтүп калганда ал сөзсүз ооруга, илдетке алып келиши мүмкүн, ошондуктан кыргызда киренелөө же туз менен жуунтуу сыяктуу ырымдар дагы деле жасалып келет" деп билдирди.
Мындан тышкары, Шаакан Токтогул кыргыз кыздарынын улуттук кийимдеринин маанисин чечмелеп өттү.
"Кыргызда үкү топу деген бар. Ал алакандай эле болгон ыңгайсыз баш кийим. Башка токтобойт, түшүп калат. Кыз балакатка жеткенде, 7-9 жашында чач өрүү ырымын кылып, башына үкү топу кийгизчү. Ал баш кийим ыңгайсыз болгондуктан кыз өзүнөн өзү аны башынан түшүрүп жибербегенге аракет кылып, түз басат, кылдаттык менен отуруп турат. Орунсуз отуруп-турбай, секирип чуркабай калат экен. Бир нече убакыттан кийин булчуңдардын эске тутуусунун жардамында кыздын дене бою түз болуп, жакшынакай болуп калыптануусуна жардам берет", – деп түшүндүрдү ал.
Андан ары маектеш кыргыздын салтында аял-күйөөсү бири-бирине кандай мамиле жасашканын айтып өттү.
Тема боюнча:
Хандар баш ийген кыргыз наркы. Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов менен маек
Өкүл ата институтунун тарыхы кандай? Этнограф Кайыповдун маеги