БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти болуп 41 жаштагы зимбабвелик Кирсти Ковентри шайланды. Ал тарыхта биринчи жолу уюмду жетектей турган аял экенин Р-Спорт жазды.
Уюмдун башчысын шайлоо бейшемби күнү Грециянын Коста-Наварино курортунда өткөн. Ковентри уюмдун онунчу президенти болуп калды.
Ковентри өзү сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Соңку жылдары комитеттин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө алынган.
ЭОКтун буга чейинки президенти Томас Бах шайлоого катышпай турганын билдирген.
Россиянын президенти Владимир Путин Ковентрини кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын тажрыйбага бай экенин белгилеген.