БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 22-март, ишембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +11...+16, градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +26…+28 градуска көтөрүлөт.