12 жылдык билим берүү программасына айрым предметтердин окуу программасы ушул жылы толук даяр болот

Sputnik
Кыргызстанда билим берүү тутумун өзгөртүп, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатканыбыз маалым. “Ачык кеп” программасынын алкагында Билим берүү министрлиригинин өкүлү Бакыт Козуев жаңы билим берүү системасында окуу китептерин даярдоо, мугалимдерди СТЕМ багынтында окутуу, 1-класска кабыл алуу шарттары, окуу программалары жана көрүлүп жаткан камылгалар тууралуу кенен айтып берди. Мугалимдерди окутуулар этабы менен жүрөт.
Ошондой эле англис тили, илим сабагы өңдүү айрым сабактардын окуу программалары 12 жылдык билим берүүнүн негизинде даяр болуп калган.