Дүйнөдөгү башка элдердей эле кыргыздар дагы байыртадан убакытты мерчемдеп, күн эсебин, ай эсебин, жыл эсебин жүргүзүп келген. Биздин эл жылдыз санап, табият кубулуштарын карап, элдик илим-билимдерден иргеп, өз календарын түзүп, аны колдонуп келишкен. Муну азыр айрым жерде ай санак кээ бир кезде жыл санак атап жүрүшөт. Бул нерсени жакшы өздөштүргөн илимпоздорду, эсепчи, санакчы атагандары ачык булактарда айтылып, жазылып жүрөт. Мындай адамдар эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, алардын сөзү эгин эгүү, жайлоого көчүү, кыштоого түшүү сындуу иштерде чечүүчү мааниге ээ болгон. Нооруз майрамын утурлай кыргыз календары, кыргыздар убакыт, мезгил мерчемин кантип жүргүзгөнү тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга “Айсанак” китебинин автору Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.