Трамп Ак үйдөгү айтылуу "кызыл баскычты" көрсөтүп, кантип иштээрин да айтты. Видео

АКШ президенти Дональд Трамп
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү кабинетине орнотулган диета коласын сураганда пайдаланчу кызыл баскычты башкалар өзөктүк куралды ишке киргизиш үчүн баса турган пульт катары көрө турганын Fox News телеканалына айтып берген.
Журналист Ак үйдү кыдырып көрүп жүргөн учурда мамлекет башчысынан кола ичимдигине буюртма кылган баскычтын кайда жайгашканын сураган.
“Мына, турбайбы. Баары муну өзөктүк куралдыкы деп ойлойт. Басып жиберсем, дүйнө жок болот дешет”, — деп көрсөтүп, айтып берген Трамп иш столуна кол жаңсап.
2021-жылы Associated Press агенттиги мурдагы президент Жозеф Байден Ак үйдөгү иш столунан Трамп жакшы көргөн суусундукту буюртма кыла берчү баскычты алдырып салганын жазган. Ал эми быйыл январда бийликке келген Трамп “айтылуу буюмду” кайра ордуна койдургандыгын маалымдаган.
Америка лидери Дональд Трамп
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мага кыйын болуп калмак". Трамп Путиндин Украина боюнча кадамы тууралуу