БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге атомдук электр станцияларын башкаруу боюнча Украинага жардам кылууга даяр экендигин билдиргенин РИА Новости жазды.
Америка лидеринин айтымында, эгерде Кошмо Штаттар Украинадагы энергетикалык объектилерге ээлик кылса, бул аталган инфраструктуралардын каралып жана корголуп турушуна жакшы шарттарды түзмөк.
“Трамп аны менен катар эле Украинанын электрдик камсыздоо жана атомдук электр станциялары боюнча маселесин талкуулаган. Президент АКШ алардын электр техникалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүсү жаатында эксперттик билимдери менен бөлүшүп жана пландарын ишке ашырууга эбегейсиз жардамын бере алмактыгын айткан”, — деген Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт.
РФтин президенти Владимир Путин 18-мартта Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну көзөмөлдөө маанилүү экенин айтып, аскердик багытта бир катар тапшырмаларды берген.