Садыр Жапаров быйыл Ноорузду Ош шаарынан тосот

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгуль Жапарова Нооруз майраймды белгилөө учурунда. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы кирпич заводунун ачылышына катышат.
Ошондой эле президент Ош шаарындагы Нооруз майрамына катышары кошумчаланды.
Бишкекте Ноорузду майрамдоо. Архив
Быйыл Нооруз Бишкектин эски аянтында белгиленет. Иш-чаралардын программасы