Футбол комплексине 1 млрд. сом бөлүнөт. Жапаров Баткенге барды

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал кыргыз-тажик чек арасы такталганына токтолуп, көчүүгө туура келген баткендиктерди мамлекет көңүл сыртында калтырбай турганын убадалады. Жапаров бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна аларын айтты.
1 / 6

Садыр Жапаров Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачты

2 / 6

Ал кыргыз-тажик чек арасы такталганына токтолуп, көчүүгө туура келген баткендиктерди мамлекет көңүл сыртында калтырбай турганын убадалады

3 / 6

Жапаров бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна аларын айтты

4 / 6

КММАнын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексинин курулушу 2022-жылы башталып, заманбап медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппараты, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган

5 / 6

Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган конференц-зал бар

6 / 6

Клиниканын курулушуна 292 миллион сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 миллион сом сарпталган

“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы тынчтыктын, бейпилдиктин, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, — деди президент.
КММАнын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексинин курулушу 2022-жылы башталып, заманбап медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппараты, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган.
Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 миллион сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 миллион сом сарпталган.
“Бул клиниканын негизги артыкчылыктарына: окуу менен практиканын айкалышы, студенттердин профессорлордун жетекчилиги астында туруктуу жумуш менен камсыз болушу, жергиликтүү тургундар медициналык эксперттер тарабынан жогорку деңгээлдеги кеп-кеңештерди алышы кирет”, — деди Жапаров.
Ошондой эле президенттин катышуусу менен республика боюнча 15 социалдык объектинин: 6 мектептин, 4 бала бакчанын, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, 1 музыкалык мектеп менен 2 спорт залдын онлайн-форматта ачылышы болду.
Мамлекет башчысы облуска эки тез жардам унаасын белек катары тапшырып, Баткен мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 миллиард сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды.
Эске салсак, Садыр Жапаров иш сапары менен Баткенге барган. Ал 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарында бир катар курулуштардын ачылышына катышып, Ош калаасында Ноорузду тосот.
Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү