Орбан Европанын жакында чачырай турганы боюнча билдирүү жасады

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. —Sputnik. Брюсселдеги бийликтин башында турган либералдарды патриоттук өкмөттүн өкүлдөрүнө алмаштырбаса Европа көз көрүнөө эле чачырайт, азыр аймакка АКШда жүрүп жаткандай “тазалоолор” керек. Бул туурасында Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды.
“Брюсселге прогрессчилер жайгашып алышкан, бүгүн алар Брюсселди башкарып жатышат. Эгерде муну өзгөртпөсөк, Европа көз алдыбызда чачырап жок болот. Брюсселдик либералдуу элита ордунда калбайт деп ишенем. Бизге өзүнүн бийлигин орнотпогон, тескерисинче, аймактагы ар бир улутту караган мекенчил жаңы жетекчилик керек. Эмдиги милдетибиз — Европадагы улуттарды бекемдөө, акыркы жылдары элдерибизден мыйзамсыз алып коюшкан укуктарын кайтарып берүү”, — деген Орбан.
Ал муну менен катар эле Еврокомиссиядан “Соростун агенттеринин тармагын жок кылуу зарылдыгын”, ал эми Европарламентти “коррупциялашкан лоббичилерден” тазалоо туурасында да билдирүү жасаган.
“Евробиримдик улуттук өкмөттөрдү чабал кылып, алсыратуу максатын койгон финансылык тармактык борбор боло албайт. Бул жерде бизге, Брюсселге, Америкадагы досторубуз жүргүзүп жаткандай эле “тазалоо” керек”, — деген Орбан.
Буга чейин премьер-министр АКШ лидери Дональд Трампка “күмөндүү кутумчулуктун” бетин ачып жана аны менен катар эле USAID жабылганы үчүн ыраазылык билдирип, Венгриядан да алар каржылаган уюмдардын тармагын чыгарып салуу зарылдыгын белгилеген эле. Венгр саясатына таасир этүү максатында чет жактан акча алгандарга чектөө киргизүүнү айткан.
Орбан мурдараак батыш цивилизациясынын үстөмдүк кылган беш жүз жылдык доору аяктаганын, дүйнөнүн бардыгын батышташтыруу стратегиясы ийгиликсиз болгонун айткан. Эми дүйнөлүк экономиканын борбору Чыгышка оогонун, кийинки кылым Евразиянын кылымы болорун белгилеген.
Орбан Евробиримдикти Украина боюнча Россия менен ачык сүйлөшүүгө чакырды