Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Николай Дмитриев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Советтер Союзунун Баатыры Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Майор Николай Дмитриев
Герой СССР из КР Николай Дмитриев
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Николай Дмитриев
Ал 1917-жылы 19-декабрда Кумак кыштагында (азыркы Новоорск району, Оренбург облусу) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1933-жылы Оренбург финансы техникумун аяктап, андан соң Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) "Главмясозаготскот" ишканасында башкы эсепчилик кызматта иштеген.
1939-жылы Жумушчу-дыйкандардын Кызыл Армиясына чакырылып, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кирген. Батыш фронтунда 20-армиянын 1-аткычтар дивизиясынын 123-истребителдик-танкага каршы өзүнчө дивизионунда наводчик (артиллериялык куралды бутага багыттаган жана аны так атуу үчүн жөндөгөн жоокер) болгон. 1941-жылы Беларусь согушунда өзгөчөлөнгөн.
1941-жылы 10-июлда Витебск облусунда Адров суусундагы көпүрө аркылуу танкалардын чабуулуна каршы чыгып, душмандын үч оор техникасын талкалаган. Катуу жарадар болгонуна карабай согушууну улантып, дагы бир танканы жок кылган. Дмитриевдин аракети ал чектерди ийгиликтүү кармап турууга өзүнүн таасирин берген. Согуштан кийин дарыгерлер жоокердин денесинен октун 17 чачырандысын алып чыккан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1941-жылы 31-августта "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Николай Дмитриевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы берилген. Бул каарман жоокер, андан сырткары, Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси ордени жана бир катар медалдар менен сыйланган.
Ата Мекендик согуш аяктагандан соң Советтик Армиянын катарында кызмат кылуусун уланткан. 1945-жылы Ленинград артиллериялык училищесин аяктап, 1959-жылы майор наамын алып, запаска бошотулган. Саранскиде жашап, "Электровыпрямитель" заводунда эмгектенген. 1981-жылы 19-декабрда (дүйнөгө келген күнү да 19-декабрь эле) көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Афанасий Волковенко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры