Пенсиялык топтомдорду инвестициялоо мүмкүндүгүн кеңейтүү сунушталды

Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жарандардын пенсиялык топтомдорун баалуу металлдарга, чет элдик валютага жана эл аралык компаниялардын акцияларына инвестициялоого уруксат берүү сунушталды.
Министрлер кабинети инвестициялык фонддордун үлүштөрүн жана Улуттук банктын баалуу кагаздарын финансылык инструменттердин тизмесине кошууну пландап жатат.
Экономика жана коммерция министрлиги Социалдык фондго жана өлкөдө иш алып барган эки жеке пенсиялык фондго инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунуштоодо. Бул өзгөртүү пенсиялык портфелди ар тараптуу өнүктүрүп, келечекте пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө шарт түзөт.
Учурда пенсиялык топтомдор мамлекеттик жана ипотекалык баалуу кагаздарга, өлкөдөгү биржаларда сатылган компаниялардын акциялары менен облигацияларына инвестициялана алат жана депозиттерде сакталат.
Улгайган аялдар. Архив
2026-жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн минималдуу эмгек стажы өзгөрөт