Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына жооп берген бензин чыгарыла баштайт

Мунайды кайра иштетүүчү заводу. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Маммлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапаттуу күйүүчү май учурда модернизацияланып жаткан мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводунан чыгарылат. Бул жерде 21 миң тонна нефть продуктулары сактала турган цистерналар үчүн орундар даярдалган. Бардык иштерди 2027-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.
Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводду дүйнөгө белгилүү SPEC ENGINEERING INC компаниясы оңдоп жатат. Модернизациянын жалпы суммасы 410 миллион долларды түзөт. Анын 200 миллион доллары инвестор тарабынан, 110 миллион доллары мамлекет, калган 100 миллион доллары “Кыргызнефтегаз” тарабынан берилген.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги завод уникалдуу технология менен курулуп жатканын жана Борбор Азияда алгачкылардан болорун билдирди.
Кызылчаны жыйноо иштери. Архив
Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнө 6,2 миң тонна кызылча экспорттолду