БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 2,5 миң доллар пара талап кылууга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Прокурор кылмыш иши боюнча маселени чечип берем деп айылдашынан акча алууга аракет кылганы айтылды.