Ырчы Кайрат Примбердиевге 100 миң сом айып салынды

Ырчы Кайрат Примбердиев. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевге 100 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечиминде айтылган.
Маалыматка ылайык, ал “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу" боюнча күнөөлүү деп табылган.
Буга чейин ырчынын Ормон хан боюнча айтканы коомдо талкуу жараткан. Мындан улам кылмыш иши козголуп, УКМК ырчыга өлкөдөн чыгууга тыюу салган.
Кишен. Архивдик сүрөт
УКМК соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады