БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Финляндиянын президенти Александр Стубб Украинаны болушунча куралдандыруу керек деп айтканын "Известия" басылмасы жазды.
"Токтотуп кармап туруу үчүн Украина тишине чейин куралданышы керек", — деген ал Politico басылмасына интервью берип жатканда.
Финндердин президенти Евробиримдиктин өлкөлөрүнө Киевди колдоп, каржылоого чакырык салган.
14-мартта Euractiv Евробиримдик Украинана аскердик жактан жардамдашуу үчүн ыктыярдуу фонд түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Анда Венгриянын ветосун айланып өтүп, акчанын көлөмү 20-40 миллиард еврого чукулдап барышы керектиги айтылган. Ал эми ЕБдин өзү Россиянын тоңдурулуп койгон акчасынан түшкөн 1,9 миллиард евролук кирешени өзүнүн салымы катары баалай турганы жазылган.
Саясат таануучу Дмитрий Солонников 17-мартта ЕБдин өлкөлөрү "мажбурлаган-ыктярдуу тартипте" Украинага 40 млрд. еврого чукул каражат берүүнү макулдашып жатканын, Венгриянын вето долбооруна кабылбаш үчүн чыгымды Брюсселдин жалпы чечимисиз эле мүчө мамлекеттерге бөлөрү туурасында сөз кылган эле.