Алкоголь, нефть жана тамекиден башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда алкоголдук, нефть жана тамеки продукцияларынан башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн ЭТТК колдонуу милдеттүү болот.
1-октябрга чейин салык төлөөчүлөр кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураларды бере алышат. Андан кийин электрондук кагаз эсеп-фактураларына акырындык менен өтүү башталат.
Буга чейин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардын башкасына ЭТТК документин алып салуу керектигин айтып, бул чакан жана орто бизнеске колдоо болорун айткан.
Салыктан качуу — бала-чаканы тоноо. Шыкмаматов архитектор, дизайнерлерге кайрылды