Чолпон-Атанын экс-мэри уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал криминалдык чөйрөдө Потап ылакап аты менен белгилүү.
“Шектүү С.Т.К. Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болуп, анын колдоосу менен 2017-жылы Чолпон-Атанын мэри болуп шайланган. Ал Көлбаевдин бизнес-долбоорлорун андан ары илгерилетмек. Мындан тышкары, ал криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча алган”, — деп айтылат маалыматта.
Чогултулган материалдардын негизинде ал 13-мартта кармалып, ЖАКтын №21 мекемесине киргизилгени кошумчаланды.
УКМК: кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды